Чаткал райондук казына бөлүмүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Чаткал райондук казына бөлүмүнүн жана Каныш-Кыя айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызмат адамдары “Аймактык өнүгүү фондундагы” 8 миллион сомдон ашык акча каражатын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызмат укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан