Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундардын малын уурдап жүргөн 13 адамдан турган 3 кылмыштуу топ колго түштү. Топтун мүчөлөрү акыркы бир айдын ичинде малчыларга ири өлчөмдөгү зыян алып келген. Белгилей кетсек, аталган топтогу уурулардын көпчүлүгү студенттер болсо, эң кичүүсү 14 жашта экендиги белгилүү болду. Азыркы учурда кармалган жарандарга карата тергөө амалдары жүрүүдө.