Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылы аталган башкармалыктын кызмат адамдары Рухий-Мурас жаңы конушун суу менен камсыз кылууда аткарылган жумуштар боюнча жалган документ түзүп, чоң суммадагы акча каражатын уурдашкан. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.