Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-январда башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду. Анын талапкерлигине каттоодон өткөн 107 депутаттын 105и "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди. Төрага, депутаттар Жолдубаеванын ишине ийгиликтерди каалашты.
Индира Жолдубаева:

1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн.

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолу:

2002-жылдын май айынан 2003-жылдын март айына чейин - "Сорос-Кыргызстан" коомдук фондунун "Калктын аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам" долбоорунун юрист-консультанты;

2003-жылдын март айынан 2005-жылдын май айына чейин - "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКсынын жетектөөчү юрист-консультанты;

2005-жылдын август айынан 2006-жылдын ноябрь айына чейин - “Компаньон" каржы тобу” МККсынын юристи;

2006-жылдын ноябрь айынан 2008-жылдын март айына чейин - "ДЭКА" ЖАКынын аткаруучу директору, юристи;

2008-жылдын март айынан 2009-жылдын февраль айына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын укук бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

2009-жылдын февраль айынан 2009-жылдын ноябрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук анализ жана экспертиза секторунун башчысы;

2009-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын август айына чейин - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;  

2010-жылдын декабрь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2011-жылдын декабрь айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан