7-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча өтүп жаткан сот иши уланууда. Сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев өлкөдөгү телеканалдарды күнөөлөп, 3-октябрдагы митингди өздөрү каалагандай монтаждап көрсөтүп жатканын айтты. “Митингде менин "элди атпагыла" деп колумду жаңсап жаткан кадрды телеканалдар көрсөтпөй жатышат. Сот залында ошол күнкү видеону көрсөтүүңүздү өтүнөм”,-деди депутат. Ал эми сот Адылбек Субанкулов "жабырлануучулар кааласа, өздөрү таанышып алса болот" деген жооп узатты.