Жети-Өгүз районундагы Суу чарба башкармалыгынын жетекчиси жана ошол эле башкармалыктагы авто-чарбалык бөлүмүнүн башчысы “каналдарды оңдоо үчүн бөлүнгөн акча каражатын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышкан” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызмат адамдары 2013-2014-жылдар аралыгында Жети-Өгүз районунун аймагындагы суу каналдарын куруу жана оңдоо үчүн бөлүнгөн 254 миң сом акча каражатын өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда материалдар топтолуп, Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.