Борбор калаада баңгизат менен 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 17:00 чамасында милиция кызматкерлеринин текшерүү маалында
Г.С. аттуу жарандын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизадан кийин ал жалпы салмагы 163,50 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.