Бишкектеги базарлардын биринен 50 килограмм мандарин уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаада 50 килограмм мандарин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал "Орто-Сай" базарынан белгисиз жарандар анын 50 килограмм мандаринин уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Т.С. аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sarbo
2015-01-28 21:12:25
ооойй боооййй.. Ото чон ууруну кармаган турбайбы оперлер. Азаматсынар.. Андай ууруга каттуу жаза колдонуш керек :) Самелетто качкан Баткаевда ерунда го чиркин :))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан