Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 94 миң сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктарды өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.