Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүүдө мыйзамдардын одоно бузулганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Анар кичи районунда жайгашкан 5 кабаттуу турак үй сапатсыз салынган. Анын кесепетинен имараттын батыш жана чыгыш тарабында жаракалар пайда болгон.
Учурда Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы жабыркаган калктуу аймактарды калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын кызмат адамдарына, курулушу бүткөн турак үйдү кабыл алган жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.