Мелис Мырзакматов "өкмөт 4 жылдан бери оштук дыйкандарга жардам бере элек" дейт

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов мэриянын коллегиялык жыйынында "өкмөт 4 жылдан бери оштук дыйкандарга жардам бербей келе жатат" деп билдирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, Ош шаарындагы Жапалак айылынын тургундары жыл сайын техникалардын жетишсиздиги боюнча жардам сурап келишет.  

“Оштун фермерлери акыркы 4 жылдан бери бир дагы трактор ала элек. Алдыда турган жазгы талаа иштерине даярдык көрүш керек”,- деди Мырзакматов.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Камила Талиева, бул маселе боюнча чара көрүлө турганын убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан