Бишкекте "мектеп окуучусун сабап, зордуктады" деген шек менен шаар тургуну кармалды

Бишкекте мектеп окуучусун зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 1-декабрь күнү эртең мененки саат 06:50 чамасында болгон. Мектепке бараткан 15 жаштагы И.А. аттуу кызды Орозбеков-Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран күч колдонуу менен ур-токмокко алып, зордуктап кеткен. 

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Т.Усупов аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда ал Бишкек шаарындагы №1-убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uulay
2015-01-28 15:50:20
Ушул зордукчулар беш муноттук кумар учун жаш кыздын тагдырына балта чапканын ойлобойт бекен.ыштанына алын жетпесе кастрировать этип ал.
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-28 15:55:35
Тойгоздуго булар закон барбы же эшеке минерлер жазаны кучопосонор элге откозуп бергилечи!
0
temirov76
2015-01-28 22:19:59
Мына дагы сага,дуйнолук басылмалар БУУнун иликтоосу боюнча Кыргызстан 2014-2015жж зордуктоо боюнча дуйнодо биринчилике чыкты деп жазбаса болду эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан