Ысык-Көл. Каракол шаарында өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, телефон тоноп жүргөн айым кармалды

6-февралда саат 18:30 чамасында Каракол шаарында милиция кызматкеринин формасын кийип алып телефон тоноо менен алектенип жүргөн айым кармалды. Кылмышка шектүү жаран 1992- жылы туулган  К.М. аттуу айым экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Кармалган кыз “телефонуң уурдалган экен” деген шылтоо менен шаар тургундарынын телефонун тартып алып келген. Мурда да уурулук кылмышы үчүн камалып, 2012-жылдын 31-декабрында эркиндикке чыккан. Кийип жүргөн формасын да уурдап алгандыгы аныкталды. Учурда бул айым Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайында отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан