Бишкекте Чоң-Кемин өрөөнүндө өткөрүлгөн пленэрде тартылган сүрөттөр көргөзмөгө коюлду

Бишкектеги Эмен багындагы С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында кечээ, 27-январда "Арткана-3. Кышкы сессия" аталышындагы пленэрдик живопистин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылында "Арткана-3" пленэрдик живопистин кышкы сессиясында тартылган 100дөн ашуун эмгек орун алды.

Белгилүү сүрөтчү жана культуролог Гамал Бөкөнбаев SUPER.KG порталына буларды билдирди: "Арткана" - бул искусство жана илимди гармониялуу үндөштүрүү жаатында иш алып барган "Билимкана" коомдук уюмунун масштабдуу долбоору. Кышкы каникулда мектептин имараты бош болот эмеспи. Бул учурда ал жакта сүрөтчүлөргө пленэрдик практика өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сүрөтчүлөр мектепти өзүлөрүнүн эмгектери менен чыгармачылыкка, эстетикага каныккан атмосферага сугарышып, балдарга мастер-класс көрсөтүшөт. Айрым эмгектерин мектепке калтырышат”.  

Белгилей кетсек, көргөзмө 10-февралга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан