Ош шаарында Нурсултан Акимбаев аттуу жаран 2 алдамчылык фактысына шектелүүдө. Жабырлануучулардын айтымына караганда, ал Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын тууганы болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү Азамат Садыков билдирди.
"Нурсултан Акимбаевдин үстүнөн 2 арыз түшкөн. Анда жабырлануучулар кылмышка шектүү алардын батирлерин жасалма документ аркылуу сатып жибергенин айтышкан. Бул эки факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, ал эми кылмышка шектүү үй камагына чыгарылган",- деди А.Садыков.