Чүй облусунда "туугандарын мажбурлап Сирияга жөнөткөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 29 жаштагы Айбек М. аттуу Таш-Дөбө айылынын тургуну өзүнүн атасын, үч бир тууганын жана келинин Сирияга мажбурлап жибергени аныкталган. Анын жашаган жерин тинтүү маалында диний-экстремисттик мүнөздөгү 175 диск, 12 баракча, компьютердин системдик блогу жана 2 ноутбук табылган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери улантылып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.