“Тумар” бий тобу Киев шаарында өтчү “Украина - менин таланттарым” аттуу долбоордун 1-туруна өттү

Кыргызстандын “Тумар” бий тобу 5-февралда Киев шаарында өткөрүлүүчү “Украина - менин таланттарым” аттуу теледолбоордун 1-туруна өттү. Муну ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бийчилерден турган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына билдирди.

“26-январда Киевден расмий чакыруу келди. Алар быйылкы сезон дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын катышуусунда өткөрүлүп, өзгөчө болот дешет. Сынакка катышып, өнөрүбүздү тартуулап келүүгө даярбыз. Бирок бешөөбүздүн барып-келүүбүзгө 2 миң доллар керектелүүдө. Учурда демөөрчү издеп жатабыз. Биз дагы Атай Өмүрзаковдой Кыргызстандын атын чыгаралы дейбиз”,- дейт Эрмек Кадыров.

Аталган топтун курамын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу бийчилер Адина Самыйбек кызы, Эрдик Таалайбек уулу, Талгат Карабек уулу жана алардын машыктыруучулары Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков түзөт.

Эске салсак, “Тумар” бий тобу Түркияда өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдештин жарым финалына өткөн. 
"Тумар" Бий тобу "Украина менин таланттарым" сынагынын 1-туруна өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Shpionka
2015-01-28 19:20:52
Азаматтар + чексиз баааа. Чондор кайдагы бир сулууларга кызыгып демоорчу болгондон коро мына ушуларга демоорчу болгула.
+6
timasel
2015-01-28 19:43:13
Азаматтар, ийгилик
0
Adik94kg
2015-01-28 22:30:15
Ийгилик балдар силерге
0
kama_future_millioner
2015-01-28 23:10:55
Ийгилик жакшы барып келгиле демоорчу табылып калсын
0
Bakulya79
2015-01-28 23:42:33
Ушул топту тарбиялап жургон жетекчисине ыраазы болосун.Азаматсынар..
+3
sezimai93
2015-01-29 05:35:06
Ийгилик жакшы барып келиниздер
0
bazi83kg
2015-01-29 16:42:48
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан