Жалал-Абад облусунда тирүү адамды өлдү деп жалган документ жасаган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн жетекчилиги Орусиянын А.З. аттуу жаранынын өлгөндүгү боюнча күбөлүк жазып берген. Кийин аталган жарандын тирүү экендиги аныкталып, күбөлүктү Орусиядан алган насыяны жабуу үчүн алганы белгилүү болгон. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.