Азербайжан жазуучусу Амир Пехлевандын китептери кыргыз тилине которулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нурсет Мамедов билдирди.
Маалым болгондой, Амир Пехлевандын “Түрктүн жол картасы”, “Аскер башчы”, “Улуулардын жери” аттуу поэмаларында түрк дүйнөсүнүн тарыхы чагылдырылган.
Президент Алмазбек Атамбаевге арналып жазылган “Улуулардын жери” китебинде Кыргызстандын кайраттуу жана баатыр элинин тарыхы жазылган. Ошондой эле президенттен тышкары китепте Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов, Юсиф Балашоглу өңдүү жана башка залкар инсандар да камтылган. Китеп Азербайжан, Грузия, Дагестан жана Кавказда жайылтылган.
Белгилей кетсек, 2014-жылы А.Пехлевандын “Түрктөрдүн жол картасы” жана “Аскер башчы” китеби, президент А.Атамбаевдин буйругуна ылайык, “Айкөл Манас” жана “Ак илбирс” сыйлыгына арзыган.
А.Пехлеван - Азербайжандагы эң атактуу жазуучулардын бири. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде 50дөн ашуун китеби басылып чыгарылган.