6-февралда Талас шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Анда Талас шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы каралып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жасаган иштер боюнча маалымат угулуп, ийгиликтер жана кемчиликтер тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында социалдык-экономикалык өнүгүү багыты боюнча аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылды.