Жылнаама, 29-январь: Мындан 2 жыл мурун Казакстанда Chellenger-200 жүргүнчү ташуучу учагы жерге кулап, талкаланган

* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер жана телеалпаруучу Дмитрий Маликов Москвада чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Юрий Фёдорович Маликов музыкант, композитор, "Самоцветы" тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон. Ал эми апасы Людмила Михайловна Вьюнкова мурун бийчи болсо, 1984-жылдан баштап "Самоцветы" тобунун солисти, кийин уулу Дмитрий Маликовдун концерттик жамаатынын директору болгон. Дмитрий Маликов 25 жылдык карьерасында 100дөн ашык ырларды жаратып, алардын басымдуу бөлүгү хитке айланган. Ырчы Дмитрий Маликов 2010-жылы 40 жашында "Орусиянын Эл артисти" наамына арзыган.
 
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы түрктөрдүн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу аркылуу атактуулукка жеткен түрк актёру Энгин Гүнайдын Түркиянын Токат шаарында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Энгиндин ата-энеси уулу врач же инженер сыяктуу олуттуу кесиптин ээси болсо деп кыялданган. Бирок Энгин актёрдук кесипти тандаган. Ал Улуттук консерваторияны аяктаган. Андан соң комедия жанрындагы тасмаларда роль жаратып, таанымал болгон. Ал өзүнүн карьерасын тасмаларга сценарий жазуудан баштаган. Өзүнүн комедиялуу сценарийи менен "Vavien" тасмасын тартып, эң мыкты деген баага арзыган. Ага 2011-жылы "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу сунушталып, ал Хүррем султандын эң ишенимдүү кол алдындагы кишиси болгон. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде казакстандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак жерге кулап, окуядан 21 адам каза тапкан. "SCAT" авиакомпаниясына таандык Chellenger-200 учагы бул күнү Кокшетау - Алматы багытында учуп келе жатып кырсыкка кабылган. Учакта 16 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. Авиакырсыктан көз жумгандардын ичинде кыргызстандык жаран да болгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну, 35 жаштагы Акрам Низамов болгон.
29-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан