Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Араван
районуна караштуу Төбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 50 чарчы метр
үйдүн чатыры жана 4 тонна чөп толугу менен күйүп кетти. Ошондой эле Каракол
шаарындагы иштетилбеген дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен дүкөнчөнүн 10 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.