Ош шаарындагы унаа базарды куруудагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш иши козголду

Ош шаарындагы унаа базарды куруудагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы Ош шаардык мэриясы менен “Арх-ТБ” ишканасынын ортосунда 39 миллион 303 миң сомго унаа базарын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми Эсептөө палатасы сметалык баанын жогорулатылганын аныктаган. Мунун кесепетинен мамлекетке 4 миллион 345 миң сом зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
balykchy2012
2015-01-29 09:46:36
Бийликтегилерге сабыр,ыйман берсин.
+1
windom
2015-01-29 09:49:12
Озу негизи бизде жок дегенде бир курулуш иши мыйзам чегинде курулабы?! Бир объект курулуп буткондо ММКлар асманга которуп мактап жарыялашат,кайра эле бир аз убакыт откон сон артындагы ыплас иштери чукулуп баштайт...
+1
Jolboldu
2015-01-29 09:49:30
Азыркы бийлик кайдагы бир тентек жаш баланын ишин кылып жатышат. Ошол акылдары менен адилеттүү башкарып жатам деп ойлошуп аткан го галдирбайлар
+1
sagyn91
2015-01-29 09:57:07
Дагы Мелис Мырзакматовко кылмыш ишин козгогону турат атка минерлер. А эмнеге Жанторо Сатыбалдиевке кылмыш иши козголбойт же ооздорун майлап койгонбу.
+4
kara_kulzha
2015-01-29 10:41:06
sagyn91, ал бийликтин баласыда
0
munar85
2015-01-29 10:27:57
эмне учун курулуп жатканда текшерген эмес буткон ишке сынчы коп болуп
0
nurik2103
2015-01-29 10:47:34
асфальт тошоп мамлекетке зыян алып Келди деп чыгышат ертеге
+1
shabdan_osh
2015-01-29 11:05:12
Бул бийлик адамдары чыныгы эл учун куйгон адамдарды бийликке жакындаттырбай коюунун оной жолун табып алышты, Ош шаарына мэр шайлоодо шайлоого аз калган убакта Улуттар биримдиги партиясынын мучолорун шайлоого катыштырбоо максатында кызмат ордуларын алмаштырып коюшкан, эми болсо парламенттик шайлоо жакындап калды кылган иштерин карагыла.Бул да болсо Мелисти бийликке келтирбоо болуп жатат.
0
aibi8984
2015-01-29 11:55:25
Жыргалбек Чоеновдун Баяман деген ырында-баш которуп кыргыздан ... Деген ыр саптар эске тушуп кетти.
+1
tabyshmak
2015-01-29 12:11:24
Жолдошум айтып жургондой шайлоо учурунда жаштар Мелис учун акысыз иштеп кол топтоп беруу керек. Ушул адамдын командасын бийлике алып келип иштеттуу керек.
+1
brend007
2015-01-30 09:12:55
tabyshmak, Ошол ишке мен да барам. Оштук болбосом да. Мелис Мырзакматов кайра келишине эл жардам бериш керек. Президент, депутаттарды деле эл жардамдашып алып келип атат го.
0
jasi
2015-01-29 13:32:49
Бийликтегилер чарчабас болдуго.
+1
fora
2015-01-29 14:13:01
Мин наалат бийлике фу башка соз жок
+1
edil.kg
2015-01-29 15:49:48
Ойлон ,изде,тап болгондой эми унаа базарга андан кийин запчасть базарга дегендейййййй
0
bema_bema
2015-01-29 17:05:02
Мелис аке биз сиз менен жакында бийлике келесиз
0
Aidar.001
2015-01-29 21:05:50
Зээриккен бала эмнени чукуйт деп коет эле?,ошондой болуп жатат экс мердин иштерине
0
danyshman
2015-01-30 07:48:05
Бул азыркы бийлик эмне деген соз жарашат экен силерге?Уят деген барбы,адамдык сапат барбы силерде?Эмне учун Мелис кылган ишке асылып калдынар?Бир нерсени коргону калдынар силер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан