Бишкек шаарында бир аптада жол эрежесин бузуу боюнча 132 факт катталып, айып пул төлөөчү жайга 14 унаа токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жол-кайгуул кызматы тарабынан токтотулган унаалардын арасынан 9 айдоочунун документи жок болуп чыккан. 29 айдоочу унаасынын айнектерин караңгылатып алгандыгы үчүн токтотулган.