Бишкекте "9 жаштагы кызга сексуалдык аракеттерди жасаган" деп шектелип кыздын таякеси кармалды

Бишкек шаарында "9 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деген шек менен кыздын таякеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 2013-жылдан баштап 2014-жылга чейин анын 9 жаштагы кызына карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер жасалып келгенин айткан. Иликтөө иштеринин алкагында арыз жазган айым кызын бир тууган инисине таштап, Орусияга кеткени аныкталган. Айым Орусиядан кайтып келгенде кызынын бир нерседен жүрөгү түшкөнсүп, өзгөрүп калганын байкаган. Кийин кызга карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер жасалып жүргөнү белгилүү болгон.

Бул кылмышка шектүү катары Ысык-Көлдүн 27 жаштагы тургуну, арыз жазган айымдын иниси кармалган. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, ал Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынды, учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
bazar
2015-01-29 10:44:04
Азыр милийсага арыз жазганда эле "зордуктады'" дегенди кошуп жазмай болуп алышты окшойт. адам ишенгис...
-1
sarbo
2015-01-29 12:52:14
bazar, кызымды иним зордуктады деп кайсы манкурт жазат эле. Чындык учун жазат да арызды.
+1
kama_future_millioner
2015-01-29 10:58:04
Эмне эле зоордуктооо бат баттан кайталанып атат эркектер кайда баратабыз акыретти да ойлой жүрөлүчүү бир нерсе кылардаа
0
edu.kg
2015-01-29 10:58:57
Катуурак бир чарасын корбосо болбой калды окшойт айбандарга.
0
Patron
2015-01-29 11:07:07
Интернеттен Порно сайттарды жабыш керек жана олум жазасына болгон мараторийди алыш керек.Мындай зоокурлорду элдин алдына ХХХХ ХХХХ керек.
0
Shpionka
2015-01-29 11:15:57
Калп болбосо керек болбосо кантип оз бир тууган инисине жалаа жапсын.
Айланайын элдер балдарынарда таштабагылачы .
Же болбосо контракт тузуп ташташса. Балдарды таштай тургандар контракт мн кете турган кылып мыйзам чыгарышса.
0
Bakulya79
2015-01-29 12:32:32
Мындайдан кудай сактасын.ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-01-29 12:35:22
Bakulya79 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрду калтырууга жол берилбейт.
0
InsanKg
2015-01-29 12:47:19
Эмне эле болуп бара жатат. Интернетке кирсен эле зордуктап кетти, бироону сузуп кетти, авария болуп мынча адам олду деген эле кабарлар
0
erikkarakulja
2015-01-29 14:04:18
Апасында жоопкерчилике тартуу керек таштап кеткендиги тууралуу.
0
kurstan09
2015-01-29 14:45:36
зордуктаган ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-01-29 15:04:45
kurstan09,
Провокация жарата турган билдирүүлөрду калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Bema_1988
2015-01-29 14:46:35
Педофилия деген эпидемия журуп жатса керек кыргыздардын эркектеринде, 2-3 кундун биринде эле ушундай макала.
0
kurstan09
2015-01-29 14:47:20
апасында эмне айып алдагы турмуштун айынан таштап кеткенда
0
edil.kg
2015-01-29 15:46:38
Жашы жете элек оспурумдорго зордуктоо кылмыштарына олум жазасын киргизиш керек болбосо кун санап осудо
0
chopa-chopa
2015-01-29 18:34:37
... беш жашар кызды беш жыл бою эрмектеп жургон таякеси кармалыптыр. Кундо ушундай жанылык угуп, титирейсин. Врач М.Мамакеев Эки бутту айбанды телевидение ачык тартса, биттеп оозуна тыгам деп айтыптыр. Жан кашайганда айтасын да. Эркектер кыздарын ойлобой калганбы, оз кыздарын ушинтсе эмне болот эле. Адам эмес эмне болуп баратат ?????
0
saya
2015-01-29 20:54:21
Тез арада каттуу чара коруш керек мындайларга.
0
Sadyrov_n93
2015-01-29 22:16:09
Не эле болуп жатат Кыргызстанда,жанылык окусан эле педофилия го уройду учуруп,буга каршы катуу жаза колдонмоюнча абал онолбойт ко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан