Бишкек шаарында 52 жаштагы аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-январда Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучуну сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Катуу соккудан улам 52 жаштагы аялдын баш мээси чайкалып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.