2014-жылы 30 адам өлтүрүү боюнча кылмыштын бети ачылбай калган

2014-жылы 30 адам өлтүрүү фактысы ачылбай калган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч Ички иштер министрлиги үчүн чоң кемчилик.

2014-жылы 308 адам өлтүрүү фактысы катталган. Анын үчтөн бир бөлүгү Чүй облусунда болгон. Бирок облуста катталган фактылардын 50 пайызы ачылбай калган. Буга кызматкерлердин жетишпестиги себеп болууда. Алсак, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгындагы кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүндө 7 кызматкер иштейт”,- деди Калыбек Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан