Бүгүн, 7-февралда “Ата Журт” партиясынын 3 депутаты боюнча өткөн сотто УМККнын 9-кызматынын офицери Эмилбек Исаев айыпталуучу депутаттарга дооматы жок экенин айтты. Сөз сүйлөгөн Исаев 3-октябрдагы митинг учурунда белгисиз бирөө тарабынан башына сокку алганын кошумчалады. “Мени ким урганын көрө алган жокмун, ошондой эле ал күнү таш, союл же арматуралардын курал катары колдонулганын көрбөдүм”,- деди ал.