"Ысык-Көлдөгү кум жээктерге эл тоскоолдуксуз кирип эс алышы керек” деди депутат Тербишалиев

"Ысык-Көлдөгү кум жээктерге жарандар эч кандай тоскоолдуксуз кирип эс алышы керек”. Мындай пикирди бүгүн, 29-январда парламент жыйынында депутат Данияр Тербишалиев билдирди. Депутаттын билдиришинче, кум жээктер тосмолонуп, элге тыюу салынып, жергиликтүү тургундар менен пансионаттардын ээлеринин ортосунда пикир келишпестиктер токтобой жатат. Депутат бир катар чет өлкөлөрдү тизмектеп, ал жактагы көлдөрдөгү кум жээктер акысыз, эч кандай тосмолору жок эле иштээрин кошумчалады. Көл жээктериндеги коомдук тартипти сактоого жергиликтүү жашоочулар да көмөктөшөрүн айткан Тербишалиев коюлган тосмолорду алуу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берип, маалымат алуу зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары буга байланыштуу ченемдик-укуктук актты даярдай тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан