Өзгөндө пара алып жаткан жеринен райондук электр станциясынын кызматкери кармалды

Өзгөндө пара алып жаткан жеринен райондук электр станциясынын (РЭС) кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 1973-жылы туулган район тургуну арыз менен кайрылган. Анда райондук электр станциясынын кызматкери электр энергиясын мыйзамсыз колдонуу боюнча түзүлгөн актыны жокко чыгаруу үчүн 7000 сом сураганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ularbek89
2015-01-30 03:56:03
Анан кантсин оздору суранып жатып берсе керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан