Бүгүн, 7-февралда президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнди кабыл алды. Өлкө башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирди. “Сиздин дипломатиялык ишмердигиңиз учурунда өтө чоң иштер жасалды. Мисалы, эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү бир кыйла өстү. Кыргызстан Кытайдан 900 миллион доллардан ашык жеңилдетилген насыя алды”,- деди президент. Ал эми Ван Кайвэнь: “Акыркы 2-3 жыл ичинде эки тараптуу мамилелер абдан тездик менен өнүккөнүнө абдан кубанычтуумун",- деди.