Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорттук мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорттук мекемесинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчилиги тендер өткөрбөстөн, 21 миллион 500 миң сомго тетик сатып алган. Документке ылайык, негизги жеткирүүчү катары жеке ишкерлер көрсөтүлгөн. Бирок алар боюнча документтердин жасалма экендиги белгилүү болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан