
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы маркум "кримавторитет" Рысбек Акматбаевдин иниси, ЖКнын экс-депутаты, маркум
Тынычбек Акматбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.
Ал 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан. Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2005-жылы 20-октябрда октон курман болгон. №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү басуу максатын көздөгөн Тынычбек Акматбаев ал жакка жол алган. Бирок көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Капысынан ок жаңылган Тынычбек Акматбаев менен бирге анын үч жан сакчысы каза болгон. 
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы акын
Турар Кожомбердиев 48 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы "Мугалимдер газетасына" жарыяланган "Мугалимге" аттуу ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары гезит-журналдардын беттерине басыла баштаган. Т.Кожомбердиев - республикабыздын бир нече жолку поэтикалык сынактарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен жарык көргөн. Анын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Турар Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырына обон жазылган. 1970-жылы акынга "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы "Супер-Инфо" гезити көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы
Каныкейге, рэпер
Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алып баруучу
Нурзат Токтосуновага жана "Тамашоу" долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу
Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берген. Жылдыздар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү
Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишкен. Алар менен бирге эс алууга редакциянын атынан “Супер-Инфонун” президенти
Шаиста Шатманова, кабарчы
Сүйүн Кулматова жана
SUPER.KG порталынын оператору
Кайрат Сарбагышов да барган.

* Мындан 133 жыл мурун, 1882-жылы АКШны "улуу депрессиядан" куткарып, ири держава болушуна эбегейсиз салым кошкон 32-президент
Франклин Делано Рузвельт бай жана мартабалуу үй-бүлөдө туулган. Анын атасы Жеймс Рузвельт көмүр жана темир жол компанияларынын акциясына ээ, таасирдүү адам болгон. Франклин 1896-1899-жылдары Гротондогу эң мыкты мектептен окуп, Гарвард университетинен билимин уланткан. Саясий карьерасы 1910-жылы башталып, 1921-жылы шал оорусуна чалдыкканда убактылуу токтогон. Бул дарт анын буттарын түбөлүккө сенек кылганы менен, эркин майтара алган эмес. Ал саясий аренага 1928-жылы кайтып келип, Нью-Йорк штатынын губернаторунун ордун ээлеген. Ал жерде эки мөөнөт отурган соң, 1932-жылы кайрадан президент болуп шайланган. Рузвельт президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле каатчылыктын сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган "Жаңы багыт" планын иштеп чыгууга жетишкен.

* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы Өзбекстандын президенти
Ислам Каримов Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1991-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга узартылган. Мындайча айтканда, президенттик бийлик ыйгарымы мурдагыдан башка мүнөздө болуп калган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Токиодон учуп чыккандан жарым сааттан кийин Боинг 707-323 С жүк ташуучу учагы Тынч океандын аймагында жоголуп кетип, табылбай калган. Бул реактивдүү учак жоголгон жалгыз жана авиациянын тарыхындагы табышмактуу окуя катары тарыхта калган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы румын-австралиялык "Аурул" компаниясынын заводунан Дунай дарыясына 100 миң метр кубдан ашуун иштетилген металлдардын калдыгы жана цианид агып кеткен. 2 миллиондой киши ичүүчү суусуз калып, өтө көп сандагы жапайы жаныбарлар, канаттуулар кырылган. Дарыядан 100 тоннадан ашуун өлгөн балыктар чыгарылып, бул катастрофаны "экинчи Чернобыль" деп аташкан.