30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркасында мезгил-мезгили менен бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -20°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -20°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -12°C
Баткен облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -13°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -16°C, түнкүсүн -30°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -17°C
Эскертүү!
30-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-км, Кара-Көө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.