Кыргызстандык бильярдчы Канат Сыдыков Орусиянын Кемерово шаарында өтүп жаткан бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан армениялык спортчуга уттурду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жарыялады. Маалым болгондой, Канат Сыдыковдун атаандашына 6:3 эсебинде жеңилди.