Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактагандар Бишкектен кармалышты. Мындай маалыматты бүгүн, 29-январда
SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат катчысы
Бакыт Сейитов тастыктады. Азырынча күч органдары алардын кандай шартта колго түшүрүлгөнү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда.
Кошумчалай кетсек, окуя 2014-жылдын 27-декабрында катталган. Анда Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты
көтөрүп кетишкен. Анда бөлмөгө 5 адам кирип келгени айтылган. Кийинчерээк
ички иштер министри Мелис Турганбаев бул каракчыларды
издөөнү өз көзөмөлүнө алган.