Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 32 чарчы метр темир курулуш вагону толугу менен күйүп, бул өрттүн кесепетинен 1965-жылы туулган Марат Табалдиев каза тапкан. Учурда өрттүн себеби такталууда.