Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Ала-Ата көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда кичи автобустун айдоочусу 64 жаштагы шаар тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда 1987-жылы туулган айдоочу кармалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.