Бишкекте белгилүү этнограф Амантур Акматалиевдин 80 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында этнограф, публицист жана журналист Амантур Акматалиевдин 80 жылдыгына карата “Чыныгы легендага айланган этнограф” аталышындагы китеп-иллюстративдик көргөзмө ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда аталган китепканадан билдиришти.

Маалым болгондой, көргөзмөгө А.Акматалиевдин эмгектери, ал тууралуу жазылган китептер, гезит, журнал бетине жарыяланган макалалар орун алат. Иш-чарага этнографтар, билим жана маданият кызматкерлери, окумуштуунун туугандары, журналисттер катышат.

А.Акматалиев 1934-жылы 12-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жерге-Тал айылында туулган. 1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган. 1954-жылы Нарын мугалимдер институтун бүтүргөн. 1954-1972-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин башкы редактору жана башка кызматтарда иштеген. 1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис болуп иштеген.

2002-жылдын 30-август күнү Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылына жакын жерде автокырсыктан улам дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан