Бишкек шаарында бир нече күн мурун мектеп окуучусун унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу 12 жаштагы баланы Сүйүнбаев көчөсүнөн сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Катуу соккудан улам 7-класстын окуучусу жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды.Учурда иликтөө жүрүүдө.