5-февралда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегельдиновдун эстелигинин алдына колодон жасалган такта илинди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, 2012-жылдын декабрь айынын башында аталган эстеликтин түстүү металлдан жасалган тактасы уурдалган болчу. Бул аракет боюнча шектүү адамдар кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына камакка алынган.