ЖКнын бүгүнкү, 7-февралдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова башкы прокурор Аида Салянованын жыйынга кечигип келгенин сынга алды. “Башкы прокурорду 50 мүнөт күттүк. Сиз эмес, президент Алмазбек Атамбаев да Жогорку Кеңеш чакырган убактан 5 мүнөт кечикпей келет. Эгер биз чын эле эл өкүлү болсок, мындайга жол бербешибиз керек. Парламент деген парламент”,- деди Жолдошова.