Ливиядагы террордук чабуулдан кыргызстандык үч жаран каза тапты

Ливиянын Триполи шаарындагы "Corinthia" аталыштагы мейманканага террорчулардын куралдуу кол салуусунан кыргызстандык 3 жаран каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин учуулар боюнча коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сталбек Шаршеев билдирди. 

Маалыматка ылайык, 27-январда аталган мейманканага террорчулар чабуул коюшкан. Мейманканада атышуу жана жардыруулар болгон. Анда "Манас" аба майданында негизделген "S.Group International" кыргыз компаниясында эмгектенип келген 28 жаштагы авиаинженер Замир Бекетаев жана Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу стюардессалар каза тапкан. 

Белгилүү болгондой, "S.Group International" компаниясы өткөн жылы Airbus A320-200 учагын Триполи шаарындагы "Барак Эйр" ливиялык компаниясына лизингге берген экен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kokboru
2015-01-30 13:50:17
кандай чабуул?
0
Shpionka
2015-01-30 13:53:21
Эмне чабуул
0
temirov76
2015-01-30 14:10:01
Сабыр кыла тургула,бул такталгандан кийин анан толук маалымат берилсе керек
+1
shabdan_osh
2015-01-30 14:38:23
Мейманкананы басып алууну коздогон террористер болушу мумкун. Биздин жарандар эс алууга барган го... Жаткан жерлери жайлуу болсун
0
kama_future_millioner
2015-01-30 20:07:16
Жаман болуптур
0
ACAH_AKA
2015-01-30 22:53:12
Жакшы иш болбоптур
0
admin_portal
2015-02-02 11:24:05
MOMPOSKA, kursantbek,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан