Жалал-Абад облусунда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда “Электр станциялары” ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкана тарабынан башка ишкананын карамагындагы имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 5 миллион 708 миң сом бөлүнгөн. Бирок имарат ишкана тарабынан кабыл алынган эмес. Буга карабай жумуштардын аткарылганы боюнча акт түзүлгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан