2014-жылы кыйноолор боюнча 2 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан кыйноолор боюнча прокуратурага 75 материал берилген. Бирок анын экөөнө гана кылмыш иши козголгон. Ал эми 23 ишке кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Калгандары боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.