Бишкекте Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамайды эскерүү кечеси өткөрүлөт

5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Аталган мекемеден билдиришкендей, концерттик программада Кыргызстандын белгилүү манасчылары – Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Назаркул Сейдракманов, Улан Исмаилов, Замирбек Баялиев жана башкалар "Манас" айтышат.

Эске салсак, белгилүү манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан