8-февралда Бишкек шаарында “Селсаяк" аттуу рейд жүргүзүлөт. Анда үй-жайы жок адамдардын саны такталып, алар медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, рейд Ленин районунун аймагында жана Фучик көчөсүндө болот. Текшерүү учурунда селсаяктар флюорографиядан өтүп, ВИЧ инфекциясы боюнча кан тапшырышат. Ошондой эле селсаяктар хирургдун жана терапевттин текшерүүсүнөн өтүшмөкчү.