Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын 75 жылдыгына карата эл аралык фестиваль өткөрүлөт

Баш калаадагы Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын 75 жылдык мааракесине карата эл аралык фестиваль өткөрүлөт. Иш-чара 18-21-март күндөрү орун алат.

SUPER.KG порталына аталган театрдын жетекчиси Сатылган Сазаев билдиргендей, Кыргызстанда Куурчак театрынын фестивалы 40 жылдан бери уюштурула элек. Салтанатка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Татарстан мамлекеттеринин Куурчак театрларынын өнөрпоздору катышуусу күтүлүүдө.

“Жөнөкөй адам эмес, айрым маданият кызматкерлерин биздин театрга чакырсаң, каякта экенин билишпейт. Ошондуктан театрды жандандыруу зарыл. Иш-чаранын максаты - тажрыйба алмашуу, биздин балдар көрө элек спектаклдерди көрсөтүү. Фестивалдын алкагы менен бөбөктөрдү руханий баалуулуктарга сугарып, Куурчак театрын балдардын эс алуучу жайына айлантуу. 21-март - Эл аралык Куурчак театрынын күнү жана Нооруз майрамы болгондуктан, жабылуу аземин ушул күнгө белгиледик. Ал күнү чоң программадагы оюн-зооктор, спектаклдер көрсөтүлмөкчү”,- деп кошумчалады Сатылган Сазаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан