Бүгүн, 7-февралда парламентте 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактыларын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаган ЖКнын жыйынын телеканалдар аркылуу элге көрсөтүү сунушталды. Аталган иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, талап-тоноочулук болгон жерлерде, көрсөтмө берген жарандар менен жолугушууда жана комиссиянын отурумдарында тартылып алынган 8 видеодиск бар. Бул видеону ЖКнын жыйынында көрүү көп убакытты талап кыларын белгилеген төрага Асылбек Жээнбеков телеканалдардан көрсөтүү керектигин айтты.