Бишкекте өткөн жылы жол кырсыгынан 67 жөө жүрүүчү каза тапкан

Бишкек шаарында 2014-жылы 67 жөө жүрүүчү каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылы жөө жүрүүчүлөрдүн катышуусунда 1530 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 9,1 пайызга азайган. Жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, борбордо катталган жол кырсыктарында жаракат алып же каза тапкандардын ар бир үчүнчүсү жөө жүрүүчү болуп саналат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан